Радио

Алакунов: зыянкеч заттарга каршы дарылардын 90 пайызы Кытайдан келет

Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин бөлүм башчысы Алмаз Алакунов өсүмдүктөргө себилчү каражаттардын баасы 30 пайызга кымбатташы күтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Алакунов: зыянкеч заттарга каршы дарылардын 90 пайызы Кытайдан келет

Жер иштетүүдөгү зыянкеч заттарга каршы дарылардын 90 пайызы Кытайдан келет. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкө мындай дары менен бир гана Кыргызстанды эмес, дүйнө жүзүн камсыздап келет.

"Өсүмдүктөрдүн ооруларына жана анын арасындагы отоо чөптөргө каршы дарылардын 90 пайызы Кыргызстанга Кытайдан келет. Ал эми калган 10 пайызын Түркия, Россия жана Европадан келген каражаттар түзөт. Кытайдан келген дарылардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзаныраак. Бирок соңку учурда ал жакта экологиялык талаптарга жооп бербеген заводдор жабылып, саны кыскаргандыгына байланыштуу дарылардын баасы 30 пайызга кымбатташы күтүлүп жатат", — деди бөлүм башчы.

Алакунов мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында Нарын аймагындагы жерди каптаган чегиртке дыйкандарга зыян келтирбегенин кошумчалады.