Борбор калаадагы Орозбеков көчөсү аркылуу Чоң Чүй каналынан өтө турчу көпүрө оңдоодон кийин ачылганын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Ага ылайык, көпүрөнүн узундугу 46 метр, туурасы 13 метр келип, эки капталына тротуарлар да салынган.
Орозбеков көчөсүнүн Жибек Жолунан тарта Саадаевге чейинки 3100 метр аралыгы оңдолду. Ошентип бул көчө Тоголок Молдо көчөсүнө альтернатива болду.
Акыркы эки жылда борбор калаада беш көпүрө салынган. Андан сырткары, Токтаналиев көчөсү аркылуу өтө турчу Ала-Арча дарыясына да көпүрө салынып бүтүп калды.