Венесуэланын президенти Мадурого болгон кол салуу аракети видеого түшүп калган

Мадуро кол салуунун артында оппозициялык оңчулдар менен Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос турарын айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Венесуэланын президенти Николас Мадурого 4-августта ишке ашпай калган кол салуунун видеосун RT телеканалы жарыялады. Анда жарылуунун үнү жана президенттин жан сакчыларынын аракеттери тартылып калган.

Окуя Мадуро улуттук экономиканы көтөрүүгө багытталган маселелер боюнча сөз сүйлөп жаткан учурда болгон. Жарылуудан кийин жан сакчылар президентти курчай калып, атайын тосмо менен тосуп коопсуз жайга алып кеткен. Президент трибунадан кетери менен дагы бир жарылуунун үнү угулган.

Африкага барган россиялык журналисттерге ким кол салганы айтылды. Чоо-жайы
Венесуэланын байланыш жана маалымат министри Хорхе Родригес билдиргендей, президент трибунада сүйлөп жаткан учурда жарылуучу зат байланган бир нече дрон аны көздөй учуп келген. Жарылуудан жети жоокер жаракат алган.

Мадуро өз кайрылуусунда ишке ашпай калган кол салуунун артында оппозициялык оңчулдар менен Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос турарын айтып айыптоодо.

Кол салууну "Фланель жоокерлер" уюму уюштурганын моюнга алды.