Бир жарым жаштагы ымыркай бала бакчадан качып кетти. Видео

Тергөө комитети менен прокуратура текшерүүнү баштап, ымыркайды карабай койгон тарбиячы иштен алынды.
Sputnik

Кытайдын бир кафесинде мышыктар кассирге жардамчы болууда. Видео
Россиянын Вологда шаарында бир жарым жаштагы бала жеке бакчадан чыгып кеткен. Бир дагы тарбиячы учурунда артынан чыгып карабаганын "Вологда.рф" басылмасы жазды.

Ымыркайдын бала бакчадан чыгып кеткен видеосу YouTube каналына жарыяланды. 

Видеодо бакчадан чыккан бала короодо ары-бери жүрүп, андан кийин ары басып кеткенин көрүүгө болот. Бир аздан кийин бала бакчадан чыккан аял эки жакты карап ымыркайды издеген.

Кароосуз жүргөн ымыркайга башка аял көңүл буруп, аны башка бала бакчага алып барган. Бирок ал жактан жоголгон бала коңшу жайгашкан бакчанын тарбиялануучусу экени аныкталып, ал жакка берилген.

Тергөө комитети менен прокуратура текшерүүнү баштап, ымыркайды карабай койгон тарбиячы иштен алынды.