Учурда өлкө боюнча 380 мечит каттоодон өтө элек

Муфтият мечиттерди каттоого алуу боюнча бир катар аракеттерди көрүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнү 380 мечит каттоодон өтө электигин муфтий Максат ажы Токтомушев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кээ бир аймактардагы мечиттер толугу менен каттоодон өтүп, кээ бир жерлерде каттоо иштери дагы деле уланууда.

"90-жылдардан кийин көпчүлүк мечиттер ашар жолу менен архитектуранын талаптарына туура келбей салынып калганын туура түшүнүү керек. Айрымдары имарат курууга болбой турган жерге салынып калган. Айрымдарын демөөрчүлөр куруп берип коюп эле каттоого алуу маселесине көңүл бурушкан эмес. Бүгүнкү күнү 2457 мечит каттоодон өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Азыр 380 мечит каттоодон өтө элек", — деди Токтомушев.

Ал ошондой эле учурда бир катар мечиттерди каттоодон өткөрүү үчүн документтери даяр болуп калганын кошумчалады.

Муфтия мечиттери каттоодон өткөрүп мыйзамдаштырып коюу өтө маанилүү экенин белгиледи.