Бишкектен Анталияга 111 жүргүнчүсү менен учкан учак кайра кайтып келди

Учурда жарандык авиация окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек — Анталия багыты менен туристтерди ташыган "Авиатрафик" компаниясынын А320 учагы "Манас" аэропортунан учуп чыккандан кийин үч мүнөттөн соң кайра кайтууга аргасыз болду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учак кыймылдаткычтардын бириндеги мүчүлүштүктөн улам аэропортко кайра кайткан. Бортто 111 жүргүнчү, алты экипаж болгон.

"Саат 7:46да аэоропорттон учуп чыккандан соң 3 мүнөттөн кийин кыймылдаткычтардын бири туура эмес иштеп жатканы боюнча билдирүү келген. Аба кемесин эксплуатациялоо эрежелерине ылайык, командир "Манас" аэропортуна кайтып келүү чечимин алган. Учак саат 8:13дө жерге конду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарандык авиация окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Бишкек — Анталия багыты боюнча кечинде саат 21:00дө башка учак учат. Азыр жүргүнчүлөргө ысык тамак берилип, мейманкаларга жайгаштырылды. Айрымдар өз каалоосу менен үйүнө жеткирилди.