Жээнбеков Индиянын өкмөт башчысын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Жолугушууда Соода-экономикалык тармакта жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашуу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Кыргызстанга иш сапар менен келген тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу маселесин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Кыргызстанга иш сапар менен келген тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алып, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу маселесин талкуулады
2 / 3
Президент гидроэнергетиканы, саламаттык сактоону, айыл чарбасын жана мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүүнү кызматташуунун артыкчылыктуу тармагы катары атады
3 / 3
Буга кошумча соода-экономикалык тармакта жана транспорттук ифраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашты.

Президент гидроэнергетиканы, саламаттык сактоону, айыл чарбасын жана мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүүнү кызматташуунун артыкчылыктуу тармагы катары атады.

Буга кошумча соода-экономикалык тармакта жана транспорттук ифраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашты.

"Бизде айрыкча, айыл чарбасында биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени Кыргызстан экологиялык таза продукцияларды өндүрөт. Ошондой эле Кыргызстан ВСП+ статусуна жана Евробиримдиктин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Индия менен туризм тармагында активдүү байланыштарыбыз болгондуктан, бул тармактын мүмкүнчүлүктөрү зор", — деди Жээнбеков.

Сушма Сварадж президентке Циндао өткөн ШКУ саммитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан Индиянын премьер-министри Нарендра Модринин саламын жеткирген.

"Биз Кыргызстан сыяктуу кооз өлкөдө демократия өнүгүп жана чыңдалып жатканына кубанычтабыз. Мен Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келдим. Бирок биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер чейрек кылымдан бери активдүү өнүгүп жатат", — деген Сушма Сварадж.

Аскерий кызматташууга кадам. Жээнбеков Казакстандын Коргоо министри менен жолукту
Ал эми Жээнбеков ШКУдагы төрагалык Кыргызстанга өткөндүгүн, мамлекет башчыларынын кийинки жолугушуусу Бишкекте өтөрүн эске салган. Андан улам Индиянын премьер-министри Нарендра Модрини ШКУ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу менен айкалыштырып, Кыргызстанга расмий визит менен келип кетүүгө чакырган.

Министр мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүү тууралуу кеп кылган. Сушма Сварадж Индия тарап бул максатта окутуу жана атайын окуу борборлорун түзүү боюнча конкреттүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.