БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында эл аралык көргөзмө-жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Иш-чара эки күн, 20-22-августта болуп, анын алкагында чет өлкөлүк ишкерлер жолугушат.
"Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Кытай, Иран, Индонезия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттеринин 100гө жакын компания катышып продукцияларын коомчулуктун назарына сунуштайт", — деп айтылган маалыматта.
Көргөзмө-жарманкенин максаты — эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн көңүлүн Кыргызстанга бурдуруп, соода-экономикалык алаканы жакшыртуу.