Ысык-Көлдө милиционер сууга чөккөн кызды куткарып калды

Коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн тартип сакчысы ары жактан адамдардын кыйкырган үнүн угуп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде ИИМдин алдындагы "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкери сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калды. Бул тууралуу полктун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн убакта ары жактан адамдардын кыйкырган үнүн угуп калган.

"Милициянын сержанты Бейшенбек Теңишбаев сууга чөгүп бараткан кызды көрүп дароо жардамга жөнөп, аны аман алып калууга үлгүргөн", — деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой куткарылган 21 жаштагы кыз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну. Пансионатта иштеген кыз жумуштан кийин сууга түшкөнү барган.