Меккедеги КР зыяратчыларын Харам мечитине атайын автобустар ташууда. Сүрөт

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Быйыл Меккеге барган кыргызстандык зыяратчыларды мейманканадан ыйык Харам мечитине атайын автобустар ташып жатканын муфтияттан билдиришти.

1 / 3
Быйыл Меккеге барган кыргызстандык зыяратчыларды мейманканадан ыйык Харам мечитине атайын автобустар ташып жатканын муфтияттан билдиришти
2 / 3
Маалыматка ылайык, учурда болочок ажыларды төрт автобус күнү-түнү тейлеп жатат
3 / 3
Жарым саат сайын каттаган автобустар кыргызстандык зыяратчыларды ар бир мейманкананын эшигинин алдынан топтоп кетүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда болочок ажыларды төрт автобус күнү-түнү тейлеп жатат.

"Жарым саат сайын каттаган автобустар кыргызстандык зыяратчыларды ар бир мейманкананын эшигинин алдынан топтоп кетүүдө. Бул мекендештердин адашып калуусунун алдын алат. Кайра ушул эле автобустар Харам мечитинен чыккандардын ар кимисин өз жашаган жерине алып келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен.