Лөктөрдүн кармашы! Акыры Нурмагомедов менен Макгрегор беттешмей болду

Мушкерлерлин турнири 6-октябрда Лаг-Вегас шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык спортчу Конор Макгрегор UFC 229 турниринин алкагында беттешет. Бул туурасында Мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (Ultimate Fighting Championship) расмий сайтында жарыяланды.

​Мушкерлерлин турнири 2018-жылдын 6-октябрда Лаг-Вегас шаарында өтөт.

"2018-жылдын эң кызыктуу беттеши ушул күздө болмокчу. Конор Макгрегор UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курун кайтарып алуу үчүн беттеш өткөрөт. Анын атаандашы октагондо эч жеңилип көрбөгөн мушкер, уюмдун учурдагы чемпиону Хабиб  Нурмагомедов болот", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов быйыл апрелде UFC уюмунун чемпиону болгон.

Ал эми Макгрегор UFCнин тарыхында эки салмакта тең чемпион болгон ирландия мушкери.