Үй-бүлөм, жакындарым менден баш тартып коюшту... Абактан чыккан кишинин күйүтү

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында абактан жаңы чыгып коомго аралаша албай жүргөн кишинин тагдыры баяндалат.

Көптөн күткөн эркиндикке акыры чыктым. Убагында баалабаган эркиндикти, таза абаны, жакындарымдын баркын абактын артында жатып билдим. Өкүндүм, ыйладым, жер чапкыладым, бирок убакытты кайра артка кайтара албайт экенсиң.

26 жашымда үйлөнүп бала жытын эми эле жыттап жаштыкка, мастыкка тойбой жүргөн кезимде унаа менен адам сүзүп алгам. Мен сүзгөн киши өзүнө келе албай ооруканадан көз жумуптур. Ошентип сотто беш жылга эркимен ажырадым… Үйдө оорукчан апам, кичине бала менен келинчегим боздогон бойдон калды.

Абакта өткөргөн күндөрүмдү ойлогум да, эстегим да келбейт. Муздак дубалда, темир тор артындагы жашоо эч бир адамдын башына түшпөсүн.

Кайненем баласын кызгана берип тажатты. Жаш келиндин окуясы
Башында түрмөгө келинчегим келип жүрдү. Мени күтөрүн, сүйөрүн айтып, жазган каттары менен кошо баламдын сүрөттөрүн жөнөтүп бакытка бөлөчү. Апам мени ойлоп жатып оорусу күч алып төшөккө жатып калыптыр. Өзү келе албаса да туугандарды жөнөтүп кабар алышып турчубуз.

Үч жылга чукулдап калганда апам каза болгонун уктум. Өзүмө келе албай, апама топурак салбай калганыма өкүнүп-өксүп отурсам, аялымдын баланы алып кетип калганын уктум. Дүйнөм асты-үстү болуп аңтарылып өмүрүмдү кыюуга да аракет кылдым. Бирок колум барбады…

Ошентип беш жыл өтүп, мен көксөгөн, эңсеген эркиндикке акыры чыктым. Бирок үйдө мени күткөн апам, аялым, балам жок эле… Атам болсо биз кичине кезде эле көзү өтүп кеткен.

Үйгө бардым. Апам жок киргим келген жок. Мени деле эч ким күтпөптүр. Байкемдин балдары чуркап чыкты эле, артынан шаша-буша чыккан жеңем мени көрүп желмогузду көргөндөй катып калды. Балдарын менден оолактатып, оозун эптеп эле кыймылдатып "кандайсың" деп учурашты. Агам жумушта экен. Апама куран окуп, кичине эс алып жатып уктап кетиптирмин. Турсам байкем маңдайымда отуруптур. Эркек болсок да кучакташып алып көпкө чейин ыйладык, чер жазышып сүйлөштүк. Ал үйдү өзүнө каттатып алганын айтты. Жеңемдин кабак-кашынан ал үйдө тура албасымды өзүм да түшүндүм. Кебетемди оңдоп таттуу, оюнчук алып баламды көрүп келүүгө кошуна айылга жөнөдүм. Аялым кошуна айылдын эле кызы болчу.

Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти. Үй-интернаттан репортаж
Барсам кайненем баламды көргөзмөк тургай босогодон аттаткан жок. "Неберемдин сендей абакта отуруп чыккан атасы жок, ал жактан кандай адам болуп келдиң кайдан билебиз, балаңа да, аялыңа да оору жугузасың, экинчи келбе" деп көп сөздөрдү айтып дарбазадан чыгарып койду. Баламды бир көрсөтүп коюуну сурансам да болгон жок. Кошуналарынан аялымдын кайда экенин сурасам баланы апасына таштап Россияга иштегени кеткенин айтышты. Эки-үч күн кайненемдин үйүн акмалап жүрүп акыры баламды көрдүм. Эшикте ойноп жүргөн жеринен барып кучагыма бекем кысып алып жыттап, өпкүлөсөм "байке, сиз кимсиз" деп мени тааныган жок. Бир жашында кесилип кетсем кайдан таанымак эле. Кошуналар кайненеме айтып барган окшойт, жетип келип баланы колуман жулуп алып дагы бир жолу келсем милицияга арыз жазарын айтты. Милиция менен дагы ызылдашкым келген жок, көңүл калыптыр, чуу кылбай эле кийимдеримди жыйнап алып шаарга кетип калдым. Анын үстүнө айылдагы элдин мамилеси ого бетер чүнчүтүп жиберди.

Азыр жумуш караштырып жүрөм, жогорку окуу жайды да толук бүтпөй эркеликке салып "сүйдүм, күйдүм" деп үйлөнүп алгам. Абактан чыгып коомго кошулуш кыйла эле кыйын экен. Азыр менин эч кимге деле керегим жок. Эмнеден баштаарымды билбейм…

Кадиян Бообекова. Психолог

Кайнатамдын мойнунда отургандан тажадым... Өзүн күч күйөө сезген жигиттин арманы
Биздин коомдо абактан чыккан адамдардын жашоого адаптацияланышы чын эле кыйын. Элдин сөзү жаман. Шаарда да билинбейт, айыл жергесинде өзүн болбосо да баласын "атасы түрмөдө отурган" деп басынтышы мүмкүн. Кайненеңиз балким ушул сөздөрдөн качып небересин сиз менен жолуктургусу келбей жаткандыр. Бирок өзүңүздү өзүңүз "мени коом кабыл албай жатат" деп жебешиңиз керек. Силерге окшоп ар кандай себептер менен түрмөдө отуруп чыккандар арабызда көп. Арасында өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, жакшы жашап кеткендер деле арбын.

Сиз алгач баарын жыйыштырып реабилитациялык борборго барыңыз. Ал жактан дарыгерлер, психологдор карап, кеңеш берет, көзмө-көз отуруп сүйлөшүшөт. Эч качан "менин эч кимге керегим жок" деп чечим чыгарбаңыз. Бул ой адамды жаман иштерди жасоого, атургай өзүнүн өмүрүнө кол салууга алып барышы мүмкүн.

Андан кийин иш тапканга аракет кылыңыз. Анткени жумуш адамды жаман ойлордон алаксытат. Иштеп, акча таап, өзүңүзгө ишенип калганда аялыңыз менен байланышып көрүңүз. Балким ал сизди күтүп жүргөндүр. Күйөөсүнүн жакшы жакка өзгөрүп, жакшы иштерди кылып жатканын билсе дагы ою өзгөрүшү мүмкүн.

Эгер "менин эч кимге керегим жок" деп эле мүңкүрөп жүрө берсеңиз сизди аялыңыз, туугандарыңыз, балаңыз да кабыл албайт.

Жасаган жаман иштерди жакшы нерселер менен жууса болот. Бул жашоодо ката кетирбеген адам жок. Болгону аны кайра кайталап албагыдай абайлап иш кылуу керек. Жакшылыктан үмүт үзбөңүз, жапжаш экенсиз. Иштеңиз, өзүңүздү жакшы жагыңыздан көрсөтүңүз. Анан адвокат таап, укутарыңызды да билип алуу да ашыкча болбойт.