Кайсы жерде болбосун жер титиреп баштаганда адам өзүн аман алып калуунун жолун издеш керек. Мындай пикирин Замир Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда адам ашыкча ызы-чуу салбашы кажет.
"Жер силкингенде адам сыртта болобу, же үйдөбү, эң башкысы өзүн тынчтандыруу керек. Имараттын ичинде болгон маалда адам стол сыяктуу катуураак буюмдун, эмеректин алдына кирип сактанууга аракет жасашы шарт. Алгачкы 10-15 секундда гана сыртка качып чыгууга мүмкүн", — деди башкы машыктыруучу.
Ал алгачкы жардам көрсөтүү боюнча сабактарды окуучуларга да өтүп келерин кошумчалады.