Таласта Казакстан менен чектешкен жердеги өрт толугу менен өчүрүлдү

Тоодогу өрт 28-июль күнү башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Талас облусунун Манас районундагы Алмалуу тоосунда бир нече күндөн бери алоолонуп жаткан өрт бейшемби күнү кечинде толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен 1000 гектар куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан ар кайсы кызматтардан 66 адам катышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, аталган тоодо 28-июль күнү кургак чөп күйө баштаган. Бирок өрт бир нече жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра эле тутанып кетип жаткан.