Сузактын милиционерлери ашар жолу менен өзүнө имарат куруп жатат

Имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, 18 бөлмөдөн турат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сузак райондук милициясы Барпы аймактык бөлүмүнүн имаратын мамлекеттик казынага оордугун салбастан ашар ыкмасы менен куруп жатат. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

1 / 2
Сузак райондук милициясы Барпы аймактык бөлүмүнүн имаратын мамлекеттик казынага оордугун салбастан ашар ыкмасы менен куруп жатат
2 / 2
Имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, 18 бөлмөдөн турат.

Муктаждарга бекер батир берилет. Кыргызстанда "Ашар" долбоору ишин баштады
Билдирмеге караганда, учурда имараттын дубалы бүткөрүлүп, үстүнө ылай төшөө үчүн Сузак РИИБдин начальниги баш болгон өздүк курам келип, кол кабыш кылууда. Милиционерлердин жапа тырмак аракети астында курулушту күз мезгилине чейин бүтүрүү пландалууда.

Милиция бөлүмүн куруу үчүн жер тилкеси Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Миң-Өрүк айылынан берилген. Имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, 18 бөлмөдөн турат. Пайдаланууга берилгенден кийин 28 000 калкы бар аймакты тейлейт.