Радио

Ибраев: өрт чыккан жерге сырттагы адамдардын кирүүсү кооптуу

Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Атай Ибраев алгачкы жардам көрсөтүүнү каалаган киши үйрөнүп алса болорун айтты.
Sputnik
Ибраев: өрт чыккан жерге сырттагы адамдардын кирүүсү кооптуу

Өрт чыккан убакта жолдон өтүп баратып жардам берүүнү каалаган адам өзүнүн да коопсуздугун ойлошу керек. Бул тууралуу Атай Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жардам берем деген адамдын өрт учурунда өзүнө да жардам керек болуп калышы толук мүмкүн.

"Күйүп жаткан имараттагы адамдардын жардамга муктаж экенин билип, аларды куткарууну каалаган киши биринчи өзүнүн коопсуздугун эске алышы шарт. Анткени эгер ал атайын алгачкы жардам көрсөтүү боюнча сабактардан өтпөсө өзүн да, өзгөлөрдү да куткара албай калышы мүмкүн. Мындай тургундар куткаруучуларды, же тез жардам кызматын чакырууга жардам көрсөтсө болот", — деди машыктыруучу.

Ал жол кырсыгына кабылган адамды да ары-бери жылдыра берүү туура эмес экенин кошумчалады.