Көчмөндөр оюну менен саммиттен улам коопсуздук чаралары күчөтүлөт

6 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипке көз салат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сентябрь айында боло турчу Көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин өлкө башчыларынын саммитинен улам коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт: Көчмөндөр оюндарынын билети бекер таратылбайт
Ички иштер министрлиги тарабынан уюштуруу жана иш жүзүндө чара көрүү боюнча бир катар иштер аткарылып, министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында ИИМдин ыкчам штабы түзүлдү.

Эки ири иш-чаранын жүрүшүндө 6 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипке көз салып, ички иштер органдарынын жеке курамы жогорку даярдыкта турат.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин аткарып жатканы айтылды.