БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Американын президентинин жубайы Меланья Трамптын Ак үйдүн бакчасында иштеп жатканда тартылган сүрөтү социалдык тармакты күлкүгө салды. Бул тууралуу Mashable порталы жазды.
Сүрөттө Меланья Трамптын эңкейип, себеттен бир нерсе алууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Бул сүрөт жасалма тартылганын социалдык тармактын колдонуучулар жазып чыгышты. Андан сырткары, биринчи айым кымбат кийимдерди кийип алганы да элдинн көңүлүн бурган.
Айрым интернет колдонуучулар Меланья бакчада кантип иштеп, өсүмдүктөрдү кантип кароону такыр билбей турганын, болгону сүрөткө жакшынакай түшүү үчүн "аракет кылганын" жазышты.
Кээси Меланья Трамп мурда-кийин мындай иште кол жоорутуп көрбөгөнүн белгилешти.
"Эмне Меланья башка бирөөнүн бакчасына ууруга кирип баратканда кармап калышканбы?", — деп суроо салат maybemaeve аттуу колдонуучу
Азыркы биринчи айымды мурдагы биринчи айым Мишель Обама менен да салыштыргандар болду.