Маршрутка айдап баратып видео көргөн айдоочу кармалды

Айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыгнан маршрутка айдап бара жатып телефондон видео көргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Буга чейин борбор калаада №128 маршрутканын айдоочусунун эл ташып баратып телефонуна үңүлүп ролик көрүп жаткан видеосу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.

"Бишкек шаардык ЖКККБнын кызматкерлери Билимбек Токтоназаров аттуу айдоочуну кармап, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ал административдик жазага тартылмай болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин жүргүнчү аялга кол салган маршрутка айдоочусу каттамдан четтетилген.