Көчмөндөр оюну учурунда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолу жабылат

ЖКККББ түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн элден жана айдоочулардан кечирим сурап, көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөттү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтө турчу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өтө тургандыктан Балыкчы — Ананьево — Каракол жолуна жүк ташуучу автоунааларга, айыл чарба техникаларына, автобус жана кичи автобустардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Көчмөндөр оюндарына канча каскадер жана бийчи катышары айтылды
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Көчмөндөр оюну өтүп жаткан учурда башка автоунаалар үчүн альтернативалуу — Чолпон-Ата шаарынын түндүк жагындагы айланма жол иштейт.

ЖКККББ түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн элден жана айдоочулардан кечирим сурап, көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле Балыкчы — Бөкөнбаев— Каракол жолу менен жүрүүнү сунуштайт.