Кабыландын айласын кетирген чүткөр. Кармаштын видеосу

Интернет колдонуучусу Youtube каналына кабылан менен чүткөрдүн (дикобраз) кармашынын видеосун жарыялаган.
Sputnik

Видео Түштүк Африканын Крюгер улуттук паркында тартылган.

Эки кобранын тиштешкен кармашы интернетте катуу талкуу жаратты
Анда көрүнүп тургандай, кабылан чүткөргө чабуул жасап аны кармоого аракет кылат. Бирок чүткөр жырткычка ийнеси менен каршылык көрсөтүп жанына жакын жолоткон эмес. Кабылан чүткөрдү айланчыктап, колу менен акырын кармап көрүп, бирок аракети ишке ашпай койгон. Акыры кабылан аны кармай албасына көзү жеткенде алыс кетирип жибербеш үчүн жолго жатып алган.

Крюгер улуттук паркы Түштүк Африка Республикасындагы байыркы жана дүйнөдөгү эң чоң парктардын бири болуп саналат. Ага өлкө президенти Трансвааль Пауль Крюгердин аты берилип, эки миллион гектар аянтта жапайы жандыктар кенен-кесир жүрөт. Мындан тышкары, гүл менен бадалдын эки миң түрү бар.