Бишкекте жеңил унаа аялды коюп кетти. Жеринен алынган сүрөттөр

Окуя бүгүн саат 22.40дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Бишкектеги Лев Толстой менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жөө адамдар өтө турчу жол чийинден Mazda Demio үлгүсүндөгү унаа аялды коюп кетти. Бул тууралуу күбө жеринен билдирди. 

1 / 4
Бишкектеги Лев Толстой менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жөө адамдар өтө турчу жол чийинден Mazda Demio үлгүсүндөгү унаа аялды коюп кетти
2 / 4
Аял 40-45дер чамасында. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатат
3 / 4
Тез жардам кызматы аталган дарек боюнча чакыруу болгонун тастыктады
4 / 4
Кырсыкка себепкер айдоочунун айтымында, ал жол чырактын жашыл түсүнө өткөн жана күбөлөрү бар.

Анын айтымында, аял 40-45дер чамасында. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатат.

Тез жардам кызматы аталган дарек боюнча чакыруу болгонун тастыктады. 

Кырсыкка себепкер айдоочунун айтымында, ал жол чырактын жашыл түсүнө өткөн жана күбөлөрү бар.