БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Борбор калаада 2012-жылдан бери салынып жаткан имам аль-Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечиттин ачылышы 2-сентябрга пландалып жатканын Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда мечиттин курулушу жана чет-жакасын иретке келтирүү иштери аяктап калды.
"Азыр документтештирүү иштеринин жарымы бүттү. Кээ бир келишимдер макулдашылып, анан бекитилиши керек экен. Түркиянын президенти Кыргызстанга Көчмөндөр оюнуна келет деп жатат. Ошону утурлай 2-сентябрда ачылышы болот деп үмүттөнүп жатабыз", — деди муфтий.
Ал ошондой эле мечиттин курулушуна Түркиянын "Дианет" фондусу 25 миллион доллар бөлгөнүн, Бишкектин мэриясы 3,5 гектар жер бөлүп бергенин кошумчалады. Мечит Осмон империясынын архитектурасы боюнча салынып, төрт мунаралуу келип, ар биринин узундугу 70 метрди түзөт.