Сумочулар килемге кирээрде бутун чечип, каршылашы менен саламдашып күрөшүп баштайт. Бул тууралуу Эмиль Джамангулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сумо күрөшүнүн өзгөчөлүгү — анын тазалыгында.
"Сумочулар килем үстүндө өзүн оор басырыктуу алып жүрөт. Башка боксчулар сыяктуу мелдеш учурунда секирип, же ары-бери чуркай бербейт. Бул күрөш башка күрөштөрдөн өзүнүн тазалыгы менен айырмаланып турат. Сумочулар беттеш маалында гана өздөрүнүн күчүн көргөзүп, килемден чыккандан кийин достук мамиледе калат", — деди Жамангулов.
Вице-президент сумо күрөшүн аймактарга жайылтууга аракет жасап жатканын кошумчалады.