Рактан айыккан кыргызстандык балдар Жеңүүчүлөр оюнуна катышат

Турнир Москва шаарында өтүп, ага 15 өлкөнүн балдары катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Рактан айыккан кыргызстандык балдар Жеңүүчүлөрдүн дүйнөлүк оюнуна катышат. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Доктур, мен өлүп каламбы?" деп сурады бала кадала тиктеп. Бишкектик онкологдун маеги
Маалымат турнирдин уюштуруучусу жана "Подари жизнь" фондусунун жетекчиси Надежда Кузнецовадан алынган.

Мелдеш 3-5-августта Москва шаарында өтөт. Кузнецованын айтымында, Россиянын борборуна аталган өлкөдөн жана андан тышкары Кыргызстанды кошкондо 14 мамлекеттен келген балдар катышмакчы.

Турнирдин алкагында балдар сууда сүзүү, жеңил атлетика, стол тенниси, шахмат, пневматикалык куралдан ок атуу, футбол боюнча жарышат. Ага 7ден 16 жашка чейинки балдар катышат.