Ошто 100 жылдык тарыхы бар парк оңдолууда

Курулуш иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы паркты реконструкциялоонун биринчи этабы соңуна чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

1 / 4
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы паркты реконструкциялоонун биринчи этабы соңуна чыкты
2 / 4
Оңдоо иштеринин жүрүшүн шаар башчысы Таалайбек Сарыбшев барып көргөн
3 / 4
Учурда жарыктандыруу, канализация, суу түтүктөрүн тартуу, ирригация иштери кызуу жүрүп, бүтүү алдында турат
4 / 4
Белгилей кетсек, курулуш иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган. Сметалык баасы 20 миллион сом деп белгиленип, бирок тендердик баасы 14 миллион 796 миң сомду түзгөн.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин жүрүшүн шаар башчысы Таалайбек Сарыбшев барып көргөн.

Учурда жарыктандыруу, канализация, суу түтүктөрүн тартуу, ирригация иштери кызуу жүрүп, бүтүү алдында турат.

Белгилей кетсек, курулуш иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган. Сметалык баасы 20 миллион сом деп белгиленип, бирок тендердик баасы 14 миллион 796 миң сомду түзгөн.

Парк быйыл 100 жылдыгын белгилейт.