Ноокатта жер көчкүдөн сактануу үчүн 9 миңден ашык көчөт тигилди

Жалпсынан көчөттөр 21 гектар жерге отургузулду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарга 9 миңден ашык алма, өрүк жана бадамдын көчөттөрү тигилди. Бул тууралуу Кыргызстандагы БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасынын кеңсесинен билдиришти.

1 / 3
Ош облусунун Ноокат районунда жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарга 9 миңден ашык алма, өрүк жана бадамдын көчөттөрү тигилди
2 / 3
Андан тышкары, учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана айылдыктарды өзгөрүп жаткан климатка көндүрүү боюнча иштер жасалып жатканы айтылат
3 / 3
21 гектар жерге көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар дагы тартылып, мал-жандык кирип кетпеши үчүн айланасы тосулду.

Андан тышкары, учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана айылдыктарды өзгөрүп жаткан климатка көндүрүү боюнча иштер жасалып жатканы айтылат.

"Бак-дарактын кыйылып азайышынан улам айрым аймактарда жер көчкү тез-тезден катталып баштады. Жердин арыкташы жана бузулушу айыл-чарба азыктарынын түшүмөнө терс таасир берүүдө. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна кедергсин тийгизет", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан жеринде изилдөө жасаган уюмдун адистери Жалгыз-Тал, Кызыл-Таш жана Шоро-Жар айылдарына көчөт тигишти. 21 гектар жерге көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар дагы тартылып, мал-жандык кирип кетпеши үчүн айланасы тосулду.