Кыргызстандык бийкеч "Аалам сулуусу" сынагын багындырууга аракет кылат

Быйыл бул конкурска Кыргызстан биринчи ирет катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Таиландда өтө турчу "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына быйыл Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Анда өлкө намысын "Кыргызстан сулуусу — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова коргойт.

Bangkok Post басылмасынын жазышынча 67-жолу уюштурулуп жаткан конкурс бул ирет Бангкок шаарында 17-декабрда Impact Arena көргөзмө комплексинде өтөт.

КМШ өлкөлөрүнүн эң сулуу бийкечи тандалды. Сынактагы сүрөттөр
Таиланддын бийлиги конкурсту өткөрүү өз кезегинде туристтерди тартып, элдин киреше булагы көбөйөт деген ишенимде.

"Аалам сулуусу" конкурсу биринчи жолу 1952-жылы АКШда өтүп, финляндиялык Арми Куусела эң мыкты деп табылган. Ал эми 2017-жылы Түштүк Африка респибликасынын өкүлү Деми-Ли Нель-Питерс "Аалам сулуусу" болгон.

Алдын ала маалымат боюнча быйылкы конкурска биринчи жолу трансгендер кыз катышат.