Радио

Кадыралиева: эмчек эмген балага алты айына чейин суу бербеш керек

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун балдарды туура тамактандыруу боюнча адиси Эркайым Кадыралиева эненин сүтү аркылуу балага анын мээрими өтөрүн айтты.
Sputnik
Кадыралиева: эмчек эмген балага алты айына чейин суу бербеш керек

Эмчек эмген балага алты айына чейин суу бербеш керек. Сүттүн курамында суу жетиштүү болот. Бул тууралуу Эркайым Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эненин сүтү коюу болсо да, суюк болсо да табиятынан баласы үчүн ылайыкташкан азык болуп эсептелет.

"Баланы алты айына чейин эмчектин сүтү менен гана азыктандыруу зарыл. Суусап кетти го деп суу жуткуруу туура эмес. Эненин сүтүндө жетиштүү суу бар, бала суусабайт. Алты айдан өткөндө гана кайнатылган суудан жылуу температурада бир чай кашыктан берип баштаса болот. Айрым энелер сүтүм майлуу, балам суусайт деп ойлошот. Бул туура эмес", — деди Кадыралиева.

Ал эне-бала эмизүү процессинде бири-бирине өтө жакындашарын жана бул баланын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин кошумчалады.