Буйвол үйүрүнө кол салган арстандын айласын кетире кубалады

Арстан артын карабай качкандыгын туристтердин бири көркөмдүк менен сүрөттөп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Түштүк Африкадагы Крюгер Улуттук паркына сафариге баргандар буйволдун үйүрүнө кол салган арстанды видеого тартып алышкан. Аны UPI басылмасы жарыялады.

Арстан үйүрдүн артынан түшүп кууй баштаганда эркек буйвол арстанды көздөй тап берип, айбат кылган.

"Жанына күч келген арстан болгон күчү менен качты. Буйвол да саатына 100 чакырымдык ылдамдык менен кууп жөнөдү", — деди видеонун автору.

Крюгер Улуттук паркы Түштүк Африка Республикасынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Анын аймагында, 1,5 миңдей арстан, 12 миң пил, 2,5 миң буйвол, миңге жакын леопард жана 5 миң керик байырлайт.