Бишкекте Эл аралык алтаистика конференциясы өтөт

Иш-чаранын негизги максаты — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү окумуштуу-алтаисттердин башын бириктирүү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында Эл аралык алтаистика конференциясы (Permanent International Altaistic Conference — PIAC) өтөт. Бул тууралуу катчылыктан билдиришти.

Иш-чара 26-31-август күнү Бишкек шаарында болмокчу.

"1957-жылы АКШда негизделген конференция быйыл 61-ирет өткөрүлгөнү турат. Анын негизги максаты — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү окумуштуу-алтаисттердин башын бириктирүү. Долбоордун учурдагы жетекчиси Берлин университетинин түркология институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.