Бишкекте №2 троллейбустун каттамы жанданды

Троллейбус 2-августтан тарта жүрө баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Борбор калаада №2 троллейбустун каттамы жанданганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, троллейбус 2-августтан тарта каттап баштайт.

Атыр себинбей эле койгулачы! Маршруткадагылар кыжырды кайнатканда
Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынан маалымдашкандай троллейбус Аламүдүн районунан "Фрунзе" заводуна чейин каттайт.

Учурда Салиева көчөсү оңдоо иштери үчүн жабык болгондуктан каттам "Фрунзе" заводунан Лермонтов жана Жибек Жолу проспектисине чейин кыскартылды.

Андан сырткары, 1-августтан тарта Манас проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыктан №11 троллейбус оңдоо иштери аяктаганга чейин токтотулган.