БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тажикстанда террордук топ жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берип жазды.
Атайын операция февраль айында аткарылып, 14 киши кармалган. Алар Нооруз майрамында ири терактыларды ишке ашырууну пландап жүргөн. Ошондой эле Душанбедеги Россиянын 201-аскер базасына дагы кол салууну көздөшкөнү айтылат.
Ал эми калган фигуранттар жети жылга эркинен ажыратылды.
Террорчулар Тажикстандын Желалабадында даярдыктан өтүп, "Ислам мамлекетинин" согуштук аракеттерине катышкан.
Кылмышкерлерди "Исламдын кайра жаралуу партиясы" террордук уюму каржылап турганы айтылды.
Тажикстандын элчилиги өлкөгө келүүнү пландап жаткан Россиянын жарандарын сак болууга чакырып, эл аз жайгашкан аймактарга баруудан карманууга чакырды.