Радио

Усупов: сумо күрөшү менен 12 жаштан баштап машыкса болот

Сумочу Тилек Усупов өзү 20 шакиртти даярдап жатканын айтты.
Sputnik
Усупов: сумо күрөшү менен 12 жаштан баштап машыкса болот

Сумо күрөшү менен 12 жаштан баштап машыкса болот. Бул тууралуу Тилек Усупов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдү спортко тартуу өтө маанилүү.

"Кыргызстанда 14-15 жаштан сумо менен күрөшүүнү үйрөнүп баштаса жакшы болмок. Тилекке каршы, биздин өлкөдө сумого кызыккан өспүрүмдөрдүн саны аз. Азыркы балдар телефон менен эле чектелип, интернеттен чыкпай калды. Биз аларды маданият менен спортко кызыктырып, мекенине кызмат кылган балдар-кыздарды тарбиялап чыгарышыбыз керек", — деди сумочу.

Ал сумо менен машыккан балбандар башка күрөштүн түрлөрү боюнча да алектенерин кошумчалады.