Президент балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоого киришти

Эксперттер өз сунуштарын 1-октябрга чейин президентке берүүгө тийиш.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Президенттик аппараттын алдында балдар үйлөрү системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бала зордуктагандарды кантиш керек? Дүйнө өлкөлөрүнүн колдонгон жазасы
Аталган топтун негизги максаты — балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана интернат мекемелерди оптималдаштыруу.

Эксперттер бул тармак боюнча иликтеп чыгып, тиешелүү сунуштарды 1-октябрга чейин өлкө башчынын кароосуна киргизүүсү зарыл.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда "Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы" коомдук фондусунун директору Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн.