Көк боор жебейт, моюн мүлжүбөйт! Кыз балага карата 7 "болбойт"

Элибиз эзелтеден кыздарга "үйдүн коногу", "башка жактын бүлөсү" деп сый мамиле жасап, бирок ошол эле учурда аларга талапты да катуу коюп, элдик ырым-жырым, тыюулар менен тарбиялаган.
Sputnik

Кыз балага байланыштуу эл ичинде кандай тыюулар колдонулган? Этнопедагог Абдыкерим Муратовдун жардамы менен Sputnik Кыргызстан агенттиги чогултуп чыкты.

Мандаш токунуп отурбайт. Дасторкон четинде эркек кишилер мандаш токунуп отурса, аялдар сыңар тизелеп, этегин жаап отурганы дурус. Кыздардын талтайып же мандаш токунганы анын тарбиясынын жоктугунан кабар берет.

Жүктүн үстүнө отурбайт. Мындай кылса сепсиз болуп, ошол үйдүн ырыс-кутун баскан болот деген элдик ишеним жашаган.

Кызым, кызыл тузум!.. Ата менен кыз баланын ортосундагы 7 "болбойт"
Эркек кишинин кийимин кийбейт. Турмушка чыга эле кыз атасынын, агасынын, атургай инисинин да кийимдерин кийбеш керек. Ошондой эле күйөөсү бар аялдардын кийим-кечесин колдонуу да уят деп саналган.

Бирөөнүн көзүнчө керилип-чоюлбайт. Андай кылуу эрге тийгиси келгендин белгиси. Бутун учкаштырып отуруу да кыз балдар үчүн өөн көрүнүш.

Көк боор, кызыл өңгөч жебейт. Эт тартуу учурунда кыздарга айрым устукандар берилген эмес. Мисалы, жаакташып калат деп койдун жаагын берген эмес. Кызыл өңгөч, бөйрөк, көк боор жегенге болбойт. Эл арасында көк боор жеген кыз көк бет болуп калат деген сөздөр айтылган. Мындан сырткары тилдин учуп жеп, томук, моюн мүлжүгөнгө да болбойт деп эсептелген.

Эркек баланы теппейт. Эркек кишинин алдынан кесип өткөн да туура эмес. Жолун бууп коет деген ишеним жашаган.

Чалкасынан жатпайт. Бутту асып, колду башка коюп, чалкалап жаткан эркектерге эле жарашпаса, кыз кишиники өөн көрүнөт.

Кашын өзү тербейт. Мурун жеңелери, эже-сиңдилери терип берген. Маңдай чачын да өзү кыркпайт. Бактысын кошо кыркып салат деп айтылып жүрөт.