Кытайда көп кабаттуу үй басып калган экскаватордун айдоочусу аман калды. Видео

Окуя курулушту бузуп жаткан маалда болгон.
Sputnik

Кытайдын Шанжао шаарында алты кабаттуу үй курулуш техникасынын үстүнө урап түшкөн.

Турак жайды бузуп жаткан экскаваторго алгач имараттын кичирээк сыныктары түшүп, андан соң курулуш урап басып калган. Унаанын кабинасында отурган айдоочу кысылып калса да жаракат алган эмес.