БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын Сары-Булак тилкесинде Toyota RAV автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машина жол четине чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы 31-июлда саат 18:20лар чамасында катталып, бир киши каза болгон. Мындан тышкары, үч адам түрдүү жаракаттарды алганы айтылды.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.