Эненин ууз сүтү бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир аялдарда ал бир тамчы эле болушу мүмкүн. Ошентсе да ууз сүттү бала сөзсүз эмиши керек. Бул тууралуу Сагынбү Абдувалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алты айына чейин эненин гана сүтү менен азыктанган ымыркайлар көп оорубайт.
"Эне төрөгөн соң биринчи эки саатта ууз сүт келет. Мына ушул сүттү өткөрүп жибербеш керек. Ал бир тамчы болсо да баланын организмине кириши зарыл. Анткени ууз ымыркайдын иммунитетин көтөргөн, бардык эмдөөлөрдөн күчтүү каражат. Ошондой эле колдон келсе баланы эки жашына чейин, жок дегенде алты айына чейин эмизүү баланын ден соолугу үчүн пайдалуу. Учурда Кыргызстанда алты айга чейинки эмчек эмген балдардын саны ушул курактагы ымыркайлардын 41 пайызын түзөт", — деди Абдувалиева.
Ал бала эмизген эненин ден соолугуна жалпы үй-бүлө мүчөлөрү кам көрүүсү туура болорун кошумчалады.