Ала-Букадан Өзбекстанга өтүп кеткен 250гө жакын кой-эчки ээсине кайтарылды

Малын жакшы карабаган Кыргызстандын эки жаранына айып салынды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жайылып жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 246 баш кой-эчки кыргызстандык ээсине кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, 31-июлда эки киши Ала-Бука районунун Кара-Тоо аймагында жайылып жүргөн мал Өзбекстандын аймагына кирип кеткенин маалымдашкан.

"Кыргызстандын чек арачылары ошол эле күнү өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүп, малды Кыргызстан тарапка айдап чыгып беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми КР Административдик кодексине ылайык, Кыргызстандын эки жаранына малды жакшы карабагандыгы үчүн айып салынган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтары мамлекеттик чек араны кайтарууда жана өтүп кеткен мал-жандыктарды кайтаруу жаатында тыгыз кызматташып келерин аталган мекеме белгиледи.