ЖАМК: Ленин райсотунун дааратканасында 19 жаштагы жоокер өмүрүн кыйды

Жеринде Ленин райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Коргоо жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин ыкчам кызматынын 19 жаштагы катардагы жоокери өмүрүн кыйды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.

Каргашалуу окуя бүгүн саат 15.43тө Ленин райондук сотунун дааратканасында болгон.

Малыматка караганда, жоокер Тез жардам унаасы келгенге чейин көз жумган.

Жеринде Ленин райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун кызматкерлери иштеп жатат.

Окуянын чоо-жайы жана себептери тактала элек.