Бишкектин Токтогул көчөсү Төрөкул Айматовго чейин узартылды

Жол курууга тоскоолдук кылган 114 метр дарбаза, 8 жеке менчик үй түрттүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Токтогул көчөсүнүн чыгыш тарабы узартылып Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин жол салынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирип, сүрөтүн жөнөттү.

1 / 3
Борбор калаанын Токтогул көчөсүнүн чыгыш тарабы узартылып Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин жол салынды
2 / 3
Бирок жол азырынча ачыла элек, жол чийиндери да сызылган эмес. Соңку иштер жүрүп жатат
3 / 3
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча аталган көчөдөн 114 метр дарбаза, 8 жеке менчик үй түрттүрүлгөн.

Бирок жол азырынча ачыла элек, жол чийиндери да сызылган эмес. Соңку иштер жүрүп жатат.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча аталган көчөдөн 114 метр дарбаза, 8 жеке менчик үй түрттүрүлгөн. Анын баарын муниципалитет сатып алган. Жол Гоголь көчөсүнөн Төрөкул Айтматовго чейин узартылды.