БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Талас аблусунун Казастан менен чектешкен аймагындагы Алмалуу тоосунда кургак чөп күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Өрт негизи 28-июль күнү башталып, бирок толугу менен өчүрүлгөн. Анткен менен кайрадан 30-июль күнү тутанып, 1500 гектар аянт күйүп кетти.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетине карабай тилсиз жоо бүгүн эртең менен кайра күчөп, 100 гектар жердеги чөптү күйгүзүп кеткени айтылды.
Жеринде 30дан ашуун куркатуучу жана токойчу иштеп жатат.