Өзгөндө милициянын көчмө кабылдамасы элдин арыз-муңун жеринде угуп жатат

Көчмө кабылдама Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда иштөөдө.
Sputnik

ОШ, 31-июл. – Sputnik. Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Өзгөн районунун аймагында уюштурулган милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат
2 / 2
Милициянын көчмө кабылдамасынын максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана милицияга болгон ишенимди бекемдөө.

Ага ылайык, 31-июль күнү Өзгөн шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасына беш тургун арыз менен кайрылган. Алардын ичинен эки арыз тиешелүү бөлүмдөргө жиберилген.

"Учурда көчмө кабылдама Өзгөн районунан сырткары Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунда да иштеп жатат. Анын курамында милициянын аймактык тескөөчүсү, өспүрүмдөр менен иштешкен инспекциянын кызматкери жана айдоочу бар", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын көчмө кабылдамасынын максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана милицияга болгон ишенимди бекемдөө.