Токмокко жакын жерде милициянын унаасын минивэн сүзүп алды. Сүрөт

Жол кырсыгы 29-июль күнү болжол менен саат 15:00дөрдө катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Токмок шаарына чукул жерде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын автоунаасын Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа сүзүп алды. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анда активист жол кырсыктарынан бир гана жөнөкөй жарандар эмес, кайгуул кызматынын өкүлдөрү да жабыркап жатканын айткан.

Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы бул маалыматты тастыктады.

"Кырсык 29-июль күнү болжол менен 15:00дөрдө катталган. Кызматтык унаа жолдун жээгинде туруп, инспекторлор өз ишин жасап жаткан. Ушул учурда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа жолдун ортосундагы тосмону сүзүп, минивэн автоинспектордун унаасын көздөй ыргыган. Жабыркагандар болгон жок", — дешти милициядан.

Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео
Минивэндин айдоочусунун айтымында, дос баласы экөө рулду талаша кетип жыйынтыгында парапетти барып сүзүшкөн.

Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу күнөөнү мойнуна алып, ага кызматтык унааны оңдотууга кеткен каражатты төлөп берүү милдеттендирилген.