Британиянын министри аялынын улутун алмаштырып алды

Окуя аткаминердин Кытайга болгон иш сапарынын учурунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Кытайга болгон иш сапарынын учурунда улуту кытай болгон жубайы Люсия Гоуну япон деп алмаштырып алды. Бул тууралуу Daily Mail агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Ханттын кесиптеши Ван И менен саламдашып жаткан маалында болгон.

"Менин жубайым япон… менин жубайым кытай. Олуттуу ката кетип калды. Менин жубайым кытай, балдарым жарым жартылай кытай. Мындан улам таята-таенелери Кытайдан. Алар Сианда жашашат", — деди министр өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Хант Люсия менен 2009-жылы баш кошкон, жубайлар үч баланын ата-энеси. Люсия Шэньси провинциясынын борбору Сианда жарыкка келген.

Министр Кытайга 30-июль күнү келди. Бул Ханттын аталган кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы чет элдик сапары.