Бишкекке жаңы соттор дайындалды. Тизме

Президент кошумча берилген материалдарды эске алуу менен сегиз талапкердин бирөөсүн тизмеден алып салды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык жана райондук сотторду дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Шаардык сот Албек Ибраимовду камакта калтырды
Аталган жарлыкка президент 30-июлда кол койгон.

Ага ылайык Бишкек шаардык соту болуп Азизбек Досмамбетов, Гүлмира Садыкова жана Болотбек Сатыбалдиевдер дайындалды.

Биринчи Май райондук сотуна Зарема Бейшеева жана Максат Орозбакова келсе, Чынара Асаналиева жана Айзада Исаева Свердлов райондук сотун башкармай болду.

Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Жыйынтыгында президент кошумча берилген материалдарды эске алуу менен сегиз талапкердин бирөөсүн тизмеден алып салды.