Бишкекте тез жардам машинасы кырсыктады. Сүрөт

Жол кырсыгы Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкекте тез жардам автоунаасын BMW үлгүсүндөгү автоунаа коюп кеткенин окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 2
Бишкекте тез жардам автоунаасын BMW үлгүсүндөгү автоунаа коюп кеткенин окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
2 / 2
Кагылышуудан кийин тез жардам кызматынын автоунаасы арыкка кирип кеткен. Анын ичиндеги дарыгерлер жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Анын айтымында, жол кырсыгы Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 13:30дар чамасында катталган.

Бишкек шаардык милициясы кырсык болгонун тастыктады.

"Тез жардам кызматы Рыскулов көчөсү менен батышты көздөй кетип бараткан. Аны Калык Акиев көчөсүнөн түндүктү көздөй кетип бараткан BMW үлгүсүндөгү автоунаа какты. Жол кырсыгынан көчөнүн четинде токтоп турган Mercedes-Benz автоунаасы дагы жабыркаган", — деп милициядан маалымдашты.

Кагылышуудан кийин тез жардам кызматынын автоунаасы арыкка кирип кеткен. Анын ичиндеги дарыгерлер жаракат алып ооруканага жеткирилди.

Бардык чогулган материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү экспертиза дайындалды.