Аламүдүндө мөңгүдөн таш кулап жабыркаган туристтер эвакуацияланды

ӨКМден маалымдашкандай, алты турист жабыркаган (эки казакстандык жана төрт россиялык жаран), алардын бири ошол жерден көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Казакстандык куткаруучулар тик учак менен Чүй облусундагы Скрябин мөңгүсүндөгү таш кулоодон жабыркаган туристтерди эвакуациялады. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы саат 7.00дө тоого учуп, саат 10.03дө жабырлануучулар менен "Манас" аэропортуна конгон.

ӨКМден маалымдашкандай, алты турист жабыркаган (экөө казакстандык болсо, төртөө Россиянын жарандары), алардын бири кырсык болгон жерде көз жумган.

Ведомство кошумча маалымат берилерин маалымдады.