Кабинетте сабалдым. Министрликтин кызматкери статс-катчынын үстүнөн арыз жазды

Жабырлануучу министрликтин айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар коррупциялык иштер боюнча документтерди даярдап жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Айыл чарба министрлигиндеги башкы адистердин бири Күмүшбек Калчакеев статс-катчы Максат Ташболотовдон кордук көрүп, жумуштан айдалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Ташболотов ушул жылдын 9-июлунда аны өз кабинетине чакырып алып ур-токмокко алган.

Заявление избитого сотрудника министерства сельского хозяйства Кумушбека Калчакеева

"Мен жер маселелери боюнча адисмин, министрликте 24 жылдан бери иштеп келе жатам. Статс-катчы мага эки доомат менен кол көтөрдү. Биринчиси — Ысык-Көл облусундагы Григорьевка айылынын тургундары ал жердеги машина-трактордук станция мыйзамсыз менчиктелип кеткенин айтып, министрликке кайрылышкан. Ошондон улам мени жерине адис катары жиберишкен. Ал жерде бир топ мыйзам бузуулар болуп, мамлекетке миллиондогон сом чыгым келтирилиптир. Ошону айтып чыккам. Экинчиси — 2004-жылы чыгып, ошондон бери иштебей, тескерисинче дыйкандарга кедергисин тийгизип жүргөн токтомду оңдоо боюнча маселе көтөрүп жүргөм. Ошого кыжырланды", — деди Калчекеев.

Заявление избитого сотрудника министерства сельского хозяйства Кумушбека Калчакеева

Мындан соң башкы адис Биринчи Май райондук милициясына жетекчисинин үстүнөн арыз жазып, бир нече күн шаардагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда амбулатордук дарылануудан өткөнүн айтты.

"Бетке, кулак түпкө муштаган. Мурда эле ооруп жүргөн көзүм ого бетер жабыркады. Бирок жатып дарыланганга акчам жетпегендиктен ооруканага барып-келип турдум. Ал эми милицияда менин арызымды Урмат Ормокеев аттуу жаш тергөөчү жигит карап жатат. Менин көзүмчө Ташболотовго телефон чалды эле, тоготпой, аны тилдеп салды", — деп кейиди Калчакеев.

Жетекчиден кордук көрдүм деген кызматкер адилеттик үчүн акырына чейин барарын, министр Нурбек Мурашевге бардык документтер менен чындыкты жеткирерин айтты.

Заявление избитого сотрудника министерства сельского хозяйства Кумушбека Калчакеева

Ошондой эле ал пенсия курагына үч гана жыл калганын, колунда баккан беш баласы бар экенин кошумчалады.

"Негизи 10 балам бар. Улуулары үйлөнүп, өз күнүн көрүп кетишти. Азыр колумда беш балам бар. Үйдө туруктуу жумушу бар мен эле болчумун. Эми минтип пенсияга кичине калганда көчөдө каламбы?" — деди ал.

Статс-катчы деген ким? Анын колундагы 5 бийлик
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотовдун кабылдамасына бир нече ирет телефон чалып, өзү менен байланыша алган жокпуз. Ал эми ведомствонун маалымат кызматы статс-катчынын сөзүнө таянып, Жер маселелери жана прогрессивдүү технологияларды киргизүү бөлүмүнүн башкы адиси Күмүшбек Калчакеев кызматындагы кемчиликтер үчүн кетирилгенин айтты.

Жетекчинин кол алдындагы адамга кол көтөрүүсү боюнча суроого "бул жалган жалаа" деп жооп бергени белгилүү болду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын мындан аркы өнүгүшүнө көз салып турат.